Коом

Депутат чет өлкөдөн алып келинген автоунааларды каттоону жеңилдештирүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо уулу автоунаа ташып оокат кылгандардын маселесин көтөрдү.

Айтымында, учурда Армениядан келген автоунаалар 6 миң долларга сатылса, анын жарымы эле каттоого кетет.

«Бул эл үчүн чоң сумма», — деди Самыйкожо.

Ал автоунаалар өлкө аймагында жүргөндүктөн жөн гана регистрациядан өткөрүү эле жетиштүү болот деп эсептейт.

«Бул мамлекет үчүн баш ооруну гана жаратат, ошондуктан жеңилдетилген түрдө регистрация кылгыла, болду да», — деген депутат Транспорттук каражаттарды регистрациялоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Рустам Жокоевге кайрылды.

Жокоевдин айтымында, ушундай эле кырдаал оң рулдуу унааларга амнистия киргизген Казакстанда да болгон.

«Алар автоунаа алынып келинген өлкөгө сурамжылоо жиберишкен. Бардык документтер тастыкталып, салык төлөнгөндөн кийин аминистия ошол автоунаага карата иштей баштайт», — деди ал.

Ал белгилегендей, азыр Кыргызстандагы дагы комиссия оң рулдуу автоунаалардын документтери тастыкталса, ушундай кылууну караштырып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button