Коом
ИИМдин кызматкерлери мамлекеттик тилде сүйлөөгө үндөгөн видеоролик даярдашты
23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнѳ карата ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери мамлекеттик тилде сүйлөөгө үндөгөн видеоролик даярдашкан.
Ар бир кыргыз жараны үчүн эне тили эне сүтүндөй табылгыс, кол жеткис – ыйык. Аны ар бир кыргыз жараны көөдөнүнө кыт уюгундай уютуп, сактап, муундан муунга өткөрүп берүүсү парз. Биз Ички иштер органдарынын кызматкерлери катары негизги максаттарыбыздын бири кызматыбызда мамлекеттик тилди ѳркүндѳтүп ѳнүктүрүү.