Коом

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фуралар. Маселе кантип чечилет?

Казакстан менен чек арада бир нече сааттап кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын маселесин чечүү керек дейт бүгүн парламент жыйынында депутат Эльдар Абакиров.

«Бул маселе 2017-жылдан бери чечилбей келе жатат. Кечээ эле Ысык-Көлдөн кайтып келатып, Казакстан менен чек аранын «Кең -Булуң» өткөрүү пунктунда биздин фуралар көп сааттап кезекте турганын байкадым. Эгерде электрондук сертификаттар киргизилсе, ал бардык өткөрүү пунктарына жеткиликтүү болушу керек. Ишкерлер алдын ала товарларынын курамы боюнча сертификатты электрондук форматта жөнөтүп, анан анын товарын «жашыл» коридор менен тез өткөрө тургандай кылышса, жакшы болмок», — деди депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button