Пайдалуу кеңештер

Айымдарга кеңеш: эркектин өзүн эмес, анын сезимдерин башкарыңыз

Үй-бүлөнү сактап калууга өтө чоң күч жана эрдик керектелет эмеспи. Улуулар бул тууралуу кандай кеңештерди айтышат.

  1. Балдардын көзүнчө эч убакта күйөөңүз менен урушпаңыз. Болбосо алар сизди да, күйөөңүздү да сыйлабай калышат. Ошондо үй-бүлөгө кыйынчылык жаралат.
  2. Эч качан күйөөмдү башкарам дебеңиз. Андан көрө ал сиздин каалооңуздагы нерсени аткара тургандай ыкка жакшы сөз, жылуу мамиле менен келтириңиз.
  3. Үйдө тынчтыкты сактаңыз. Кечирип жана жарашканга үйрөнүңүз. Чыр-чатак, таарыныч жана оройлук үй-бүлөнү бузат. Баарынан кымбат нерсе — үйдөгү тынчтык.
  4. Үйдү эч убакта начар маанай менен тазалабаңыз. Тамакты да жакшы маанай менен даамдуу бышырууга аракеттениңиз.
  5. Бир нерсени үйрөнгөнгө жалкоолук кылбаңыз жана коркпоңуз. Билимдүү аялдын балдары да билимдүү анан тарбиялуу болот. А билимдүү, тарбиялуу балдардын келечеги кең жана жакшы үй-бүлөнүн ээси болушат.
  6. Кызганбаңыз. Кызганыч эң жаман нерсе, ал үй-бүлөнүн душманы. Эгер күйөөңүз сизди сүйсө, көзүңүзгө чөп салбайт. Ошондуктан күйөөңүзгө жана өзүңүзгө ишенимдүү боло бериңиз.
  7. Үй-бүлөдө башкы нерсе — бирин бири сыйлоо. Сый болсо, сүйүү да болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button