Коом

УКМК: Сокулук районундагы Жыламыш айылындагы 376 миллион 339 миң сомдук мектептин имараты мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК жүргүзгөн текшерүү иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылында жайгашкан эки кабаттуу жалпы аянты 20 га мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

Такталгандай, ошол айылдын аймагындагы, тагыраагы Сокулук районунун Жыламыш айылында 200 орундуу эки кабаттуу мектептин имараты бар экендиги аныкталып, ал мектеп учурда иштебей тургандыгы такталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган, анын натыйжасында мектеп жана анын аянты 1998-жылы жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мектептин ээси М.Ш. сметалык баасы 376 млн 339 миң сомду түзгөн объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button