Коом
«Автоунааларды техосмотрдан мамлекеттик органдар өткөрүшү керек»
Кыргызстанда автоунааларды техникалык текшерүүдөн жеке компаниялар өткөрүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодон өткөрүү боюнча мамлекеттик департаментинин директору Рустам Жокоев билдирди.
Депутат Таалайбек Мамасабиров ага: «Автоунааларды жеке компаниялар техникалык текшерүүдөн өткөрөбү же мамлекеттик органдарбы?» — деген суроо узаткан.
Жокоевдин жообунан кийин депутат жеке компаниялар бул иште жеке кызыкчылыгына карап коюшары мүмкүндүгүн белгилеп, бул милдетти мамлекеттик органдарга өткөрүү зарылдыгын айтты.