Тажик мигранттары орус полициясынын рейдин «шылдыңдоо» дешүүдө
Тажик мигранттары Москва облусунун Наро-Фоминск шаарындагы «Детский мир» кампаларында орус коопсуздук күчтөрүнүн рейди кандай өткөнүн айтып беришти.
Алардын билдиришинче, полиция, Улуттук гвардия жана “Русская община” коомунун өкүлдөрү жүздөгөн борбор азиялыктарды кемсинтип, шылдыңдашкан.
Орус бийлиги бул боюнча эч кандай расмий билдирүү жасаган жок.
Мигранттардын биринин айтымында, алар бир нече саат бою колдорун өйдө көтөрүп, же тизе бүгүп турууга аргасыз болушкан.
«Бул чыныгы шылдың болду. “Отур, тур, отур” дешти. Баарынын документтери болгон. Ал эми документтери жокторду автобуска салып кетишти «, — деди ал.
Рейд жумуш убактысында жүргүзүлүп, бардык мигранттар өз ордун таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Акыркы мезгилде Орусияда мигранттарды текшерүү болуп көрбөгөндөй күчөдү. Талдоочулар мунун соңку теракттар менен байланыштырышат. Ошол эле учурда алар тажик бийлиги өз жарандарын коргоо боюнча жетиштүү чара көрбөй жатканын баса белгилешет. Өткөн аптада Тажикстандын Орусиядагы элчилиги жарандарга бул өлкөгө келбей турууну сунуштаган. Орусияда 1 миллионго жакын тажикстандык иштейт.