Коом

Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшүү мыйзамдары катаалдай турганын айтты

 “Коррупция мамкызматкерлердин арасында күч алган. Алар менен күрөшүп келебиз, бирок тазалап бүтө албай жатабыз. Коррупция кайсы бир деңгээлде азайды, бирок түгөнгөн жок. Аларды камап жатып чарчадык”, — деди Ташиев. 

Анын айтымында, УКМК тарабынан мыйзамдарга өзгөртүүлөр даярдалып, учурда каралууда. 

Ташиев азыр коррупция менен кармалгандардын иши сотко чейин өтүп, аягында соттор мыйзам чегинде айып менен бошотуп жатканын билдирди. Ал мындан ары коррупцияга аралашкандар түрмөдө болорун белгиледи. 

“Эми коррупция менен күрөшүү мыйзамдары катаалдайт. Коррупция менен кармалгандар, алардын жакындары (ата-энеси, балдары, бир туугандары) мамкызматка алынбашы керек. Ошондо гана аларды токтото алабыз. Коррупционер өзүн ойлобосо, жок дегенде ата-энесин, балдарын ойлосун”

Ташиев жазалоо беренелери, мөөнөттөрү мурункудай каларын, бирок мыйзамдар моралдык жактан катаалдай турганын айтты. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button