Коом

Улан Ниязбеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысына жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

2024-жылдын 19-сентябырнда Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине өткөргөн онлайн кеңешмеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелерге токтолуп, кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча талаптарды койду. Ошондой эле, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин баса белгиледи.

“Тез аранын ичинде айтылган кемчиликтерди жоюп, жергиликтүү бийлик, анын ичинде айыл өкмөттөр, айыл башчылар, тиешелүү мамлекеттик органдар, айдоочулар коому жана бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, жол кырсыктарынын санын кескин түрдө азайтууну колго алыңыздар. Унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча жылдын башынан бери бир катар тапшырмаларды айтып, көрсөтмөлөрдү бергенбиз. Андыктан, алардын баарын аткарууга алып, иш жүргүзүңүздөр”,-деди өз сөзүндө ИИМ башчысы.

Андан сырткары, Улан Ниязбеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңиш Джоробековго ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарууга жооптуу экендигин так жеткирип, ишмердикти уюштуруу жана көзөмөлдү күчөтүүгө катуу көңүл бурууну тапшырды.

Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button