Назира Айтбековадан «чоңойуунун» белгилери: Ботекс, чаптама кирпиктен уялып каласың…
«Чоңойгондун» белгилерин Назира Айтбекова санап берди. Анын көз карашында, адам руханий баалуулукка жете баштаганда төмөнкүдөй өзгөрөт:
1. Чоңойгон сайын жасалма жүрүп, ботекс, чаптама кирпик, же кыймыл аракетиңде жасалмалуу болгондон уялып калат экенсиң. Сырттан караганда жасалмалуулук арзан, табитсиз, анан өксүк комплекстин белгиси катары көрүнүп калат экен. Өзгөчө Европада көчөдөгү сойкулар ушинтип жүргөнүн көрүп, огош бетер уялып калдым.
2. Акыл-эс кирген сайын Луи Витон, Долче Габбана ж.б. белгилүү бренддерди кыйкыртып, көргөзүп кийгенден тартынып калат экенсиң. Бул дагы “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, көкүрөктүн ачкалыгын, боштугун көргөзүп аткандай, арзан кыймыл экен. Негизи эле байлык менен мактануу тайыздык.
3. Ой-боюң бийиктеген сайын жеке жашооңду да бекитип, сыр сактап, көздөн коруп каласың. Актангың да, мактангың да келбейт. Маанисиз нерсе экен көрсө. Белек алсаң, жашыруун жыргап коесуң го.
4. Вулгардуу болуу, өтө чыпчыйган кийим кийүү, жалаң төшөк маселесин козгоо, сексуалдуу көрүнгөнгө аракет кылуу да сырттан күлкүлүү, арзан көрүнөт экен. Өз баасын билбеген, же төшөктө маселеси барларга тийиштүү окшойт мындай көрүнүш. Нормалдуу адам андай жол мн көңүл тартпайт экен.
5. Акыркы учурда адамдар мн деле урушкум келбей калды. Эмоцияга алдыруу деле жетиле электин белгиси экен. Кээде чыгып кетет дечи, бирок аракетте кыз.
6. Белгилүүлүктөн деле качып, чакырган жерге эле желпинип чуркай бербей, каада күтүп, долбоорлорду иргеп, ордуңду билип баштайт экенсиң. Өз баркыңды билген, кымбат болгуң келген деле учур келет окшойт.
7. Убактыңды да маанилүү, маңыздуу жана туура же жакын адамдар менен өткөргүң келип баштайт экен. Кадимкидей энергияларды иргеп, көзүнөн ниетин тааный баштайсың.
8. Сүйлөгүм келбей, жазгым келбей, ойлонгум деле келбей калды. Сезгим, тыңшагым келип, тынып калдым. Акыл азуум чыга баштады, баса!
9. Элден мурункудай көңүл сурабай, хит болбой, хайп кармабай тескерисинче качып, жашынгың келип, чоочундардан, көпчүлүктөн оолактап, суудан тынч, чөптөн жапыз болгум келет десең. Оңолоорума аз калды окшойт.
10. Анан чоңойгон сайын өзүңдү жемелебей, айыптарыңа, жаңылыштыктарыңа жөнөкөй карап, кандай болсоң, ошондой өзүңдү кабыл алып, тынчып баштайт экенсиң. Жан дүйнөнүн тынчтыгы ушундан башталат. Өзүң менен беттешкенде Жаратканга жакындык, шүгүрчүлүк, топуктук пайда боло баштайт тура.