Өгөй энемди баламдай кылып багып жатсам да кечире албай келем
7 жашымда апамдан ажырадым. Ал кезде атам менен апам эчак эле эки башка жолго түшүп, атам башка аялга үйлөнүп, андан балалуу болуп калган чагы болчу. Апамды жерге бергенден кийин мени атам алып кетти.
Жомоктогу өгөй эненин каарын өз жон теримден өткөрдүм. 7 жашымда балалыгым аягына чыкты, чоң адамдай түйшүккө аралаштым. Өгөй энем одоно айтканда, жыл сайын төрөчү, а башкы жардамчысы, ал турмак жардамчы эмес, башкы үй кызматкери — мен. Ини, сиңдилеримди төрөлгөндөн тартып кароо, багуу, үй жыйноо, тамак жасоо, суу ташуу, малдарды жайгаштыруу, уй саамай деги койчу, үйдө кандай жумуш болсо ал менин катышуумсуз жасалчу эмес.
Жумуш да мейли, өгөй энемдин заары, сабап, каргамайы жарык күнүмдү караңгыга айлантчу. Атам көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен эле. Өзү жоош адам болчу, жооштугун өтө эле тың, ачуулуу өгөй энем болушунча пайдаланчу. Мага жардам берип, болушчу бир дагы адам жок болчу. Кошуналар ич ара шыпшынып алышканы менен өгөй энеме батынып сөз айтчу адам айылда гана эмес, ааламда жоктой сезилчү.
Ошентип, балалыгым да өттү. Атамдын мен үчүн жасаган жалгыз чоң эрдиги ушул болду — катып жүргөн акчасын белиме түйүп берип, түн ката шаарга качырып жиберди. Окуп, билим ал деп. Өгөй энем акысыз үй кызматкеринен айрылгысы келбей, мектепти мыкты баалар менен аяктаганыма карабай өзү мени окубайт, айылда калат деп чечим чыгарып койгон болчу. Классташыма кошулуп, шаарга келип, анын эжесинин үйүндө жүрүп, алардын жардамы менен окууга өтүп, окуп калдым. Атам байкушту мен үчүн өгөй энем эмне кылганын элестеткенимде көпкө жүрөгүм сыздап жүрдү. Өзүмчө окууну жакшы бүтүп, диплом алып, жакшы жерге жумушка орношом дагы ошол тозоктон атамды сууруп чыгып, жаныма алып келип, кадырлап багам деп кыялданчумун.
Кыялым дээрлик аткарылды, окууну жакшы аяктадым, жакшы жумушка орноштум, мыкты жигитке жубай болдум, өзүмдүн коломтом, жайым болду, бирок бир гана нерсе — атамды алып келүүгө үлгүрө албадым, анын ордуна өгөй энемди алдым.
5-курста окуп жатканымда атам көз жумду. Ошондон баштап үйүбүздүн берекеси кетти. Атамдан калган мал бир кыштан чыкпады, кырылып калды. Мөмөдөн шагын көтөрө албаган багыбыз чекесинен куурап баштады. Бирок булардын баары менин маселем эмес болчу, мен ал үйгө эч убакта өз боло албагам, дайыма бөлөк, жат элем. Өзүмдүн жашоом менен алектенип, аталаш бир туугандарымдан көп жыл кабар албай калдым.
Анан эле, арадан 20 жылдай убакыт өткөндөн кийин өгөй энем мага кайрылды. Тааныштардан телефон номеримди алып, чалыптыр. Тогуз баласынын биринин да үйүнө батпаптыр. Айылдагы атамдан калган үйдү бир баласы сатып, аягына чыгыптыр. Айтор, жолу жок абалда калыптыр. «Бир гана ишенгеним сен, өсөөрүм эмес, өлөөрүм калды, карыган чагымда бозала кылбай мени карап кой», — деп буркурап ыйласа чыдай албадым. Колума алдым. Өзү да оорукчан болуп калыптыр. Мен жашаган шаарда аталаш төрт бир тууганым жашайт, апасы меникинде жашай баштаганын угуп бири да кабар албады. Ошону менен менин колумда экенине жакында беш жыл болот.
Тамагын берип, кийимин жууп, баламдай кылып карап жатсам да бир таарыныч жүрөгүмдөн кетпей келет. Кээде балачагымдагы кылган мамилесин эстеп, кагып-силкип жиберем. Бозоруп отуруп калса кайра боорум ооруп, өзүмдү карманып калам. Өгөй энем көп жолу кечирим сурады, ар бир жолкусунда кечирдим деп айтам. Бирок оозум кечиргени менен жүрөгүм кечире албай койду. Эмне кылаарымды да билбей калдым.
Зулайка