Коом

Депутат: Айдоочулар ансыз да көп салык төлөшөт, автоунаага болгон салыкты жоюу керек

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев автоунаага салынуучу салыкты жокко чыгарууну сунуштады.

Айтымында, автоунаа ээлери ансыз деле көп салык төлөйт, ошол эле автоунааны камсыздандырууга, бензин сатып алууда, акциздик салыкты, кыймылдуу мүлк салыгын.

«Эми аларга кошумча жолдорду пайдалануу үчүн салык кошуунун кереги жок. Мен автоунаага салыкты жокко чыгарууну сунуштайм. Адамдар айдаганына жараша төлөйт. Мисалы, бензин куюп жатканда 1-2 сом кошуп, аны Жол фондуна которуу керек. Ошондо акыйкаттуулук болот, ким көп бензин куйса, ал жолду көп пайдаланат, демек ага ылайык төлөшү керек», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button