Коом

Депутат жолдо мопед айдагандарды көзөмөлдөөнү суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов мопеддердин көчөдөгү кыймылын жөнгө салып берүүнү тийиштүү мамлекеттик органдардан суранды.

«Шаарда жолдордо коопсуз жүрүү кыйын болуп калды. Кечээ жумуштун жанынан 20 чакты өспүрүм модеп айдап баратканын көрдүм. Чогуу жүрүп, жол кыймылынын эрежесин бузуп жатышат. Автоунаа жолунда, жөө жүргүнчүлөрдүн жолунда жүрүшөт, карама каршы тилкеге да чыгып кетишет. Маалымат каражаттарында күн сайын алар катышкан жол кырсыгы тууралуу жазылат. Бул маселени чечүү керек», — деди депутат.

Айтымында, коңшу өлкө мопедди каттоого коюп, аны айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу керектигин талап кылган мыйзам кабыл алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button