Кызыктар

Көп тыңшап, аз сүйлөңүз: 26-сентябрга гороскоп

Кой. Сиз бүгүн эң татаал, чиеленишкен маселелерди да чече аласыз. Ошондой эле кандайдыр бир жооптуу долбоорлорду ишке ашыруу, маанилүү жолугушууларды же сүйлөшүүлөрдү уюштуруу пайдалауу. Бүгүн энергияңыз жана маанайыңыз жогорку деңгээлде болуп турганда, көп нерсе жасап алууга үлгүрүңүз.

Букачар. Иш көп күн. Айланадагыларга жардам берүүдөн баш тартпаңыз, татаал маселелерди чечүүгө тарапташтарды издеңиз. Сиздин жагымдуулугуңуз көп адамдарды тартат, ошондуктан бүгүн өзгөчө жана кызыктуу адам менен таанышып калуу мүмкүнчүлүгү бар. Убактыңызды үнөмдөңүз.

Эгиздер. Сиздин кийлигишүүңүз керек болгон чарба жана тиричилик маселелерин чечүүгө көп убакыт бөлүңүз. Жылдыздар акыбалыңыз начарлашы мүмкүн экендигин эскертишет, өзүңүздү жаман сезесиз. Иммунитетти көтөрүп, витамин ичиңиз.

Бөйөн. Бүгүн энергияңыз көп болбойт, ошондуктан ички ресурстарыңызды бөлүштүрүп, күнү бою активдүү болууга аракеттениңиз. Тез-тез сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, көңүлдү жагымдуу иш менен алектенүүгө буруу “бөйөндөргө” маанайын көтөрүүгө жана ойлогон иштерин толук бүгүн бүткөрүүгө жардам берет.

Арстан. Начар маанай же негативдүү эскерүүлөр күчүңүздү алат, жумуштан алаксытат. Өзүңүздөн кайгылуу ойлорду алыстатыңыз, кызыктуу иш менен алектениңиз. Профессионалдык абалын бекемдеп алууга ылайыктуу күн.

 Бийкеч. Бүгүн эрежени бузуп же эксперимент жүргүзүүнүн кереги жок. жылдыздар “бийкечтердин” демилгеси жагымсыз окуяга алып келиши мүмкүндүгүн эскертет. Убада бербөөгө аракеттениңиз, аны аткаруу кыйын болот. Бул күнү кайсы бир татаал ишиңиз жолго коюлуп, күткөн жыйынтык ала аласыз.

Тараза. Жашооңуздагы өзгөрүүлөр көңүл калууларды сизге алып келишти. Жылдыздар шашылыш жыйынтык чыгарбоону жана кырдаалды башка жагынан да карап көрүүнү сунуштайт. Жакшы нерсесин издеп, ийгиликтүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыңыз. Бүгүн сизди чарчатып бүткөн эски маселе же талашка чекит коюу керек.

Чаян. Канчалык баарлашуу көп болсо, күнүңүз ошончо ийгиликтүү болот. Жылдыздар кесиптештер же достор менен сүйлөшүү кызыктуу жана пайдалуу болоорун айтышат. Сиз керектүү маалымат аласыз, маанайыңызды көтөрөсүз. Татаал иштерде альтернативалык варианттарды издеңиз.

Жаачы. Байланыштарды азайтып, аз сүйлөп көп угуңуз. Чарт эткен эмоцияларыңыз жакын адамдар менен мамилени бузушу мүмкүн. Кыска сапарларды же саякатты башка күнгө жылдырыңыз, бүгүн барсаңыз жагымсыз нерселер болуп кетиши ыктымал. Жакындарыңыздын бири жардамыңызга муктаж, ага көңүл буруңуз.

Текечер. Жетекчилик менен сүйлөшүүдө сөзүңүздү караңыз, сын же катуу билдирүүлөрдү жасабаңыз. Бул карьераңызга зыянын тийгизиши мүмкүн. Жакшысы көңүлдү бир жерге топтоп иштей бериңиз, майда нерселерге алаксыбаңыз. Кечти үй-бүлөңүз менен өткөрүңүз. Кубанычтуу кабар алышыңыз мүмкүн.

Суу пери. Маанилүү жаңылыктардан артта калбаңыз, сүйлөшүүлөрдү тыңшаңыз. Кайсы бир маалымат капа кылышы мүмкүн, бирок ал бир топ олутуу маселенин алдын алууга жардам берет. Бул күнү өзүңүзгө болгон ишеним төмөндөшү мүмкүн, ошондуктан маанайыңызды көтөрүүгө аракеттениңиз.

Балык. Кайсы бир маанилүү иш боюнча божомолдоруңуз тастыкталат. Жаңылыктарга кулак төшөп, пайдалуу маалыматты кое бербеңиз. Жаңы ишти баштоого жакшы күн: сиз кызыктуу адамдар менен жолугушасыз, биргелешкен иштен тажрыйба аласыз. Кимдир бирөөдөн жардам алаардан муруп кесепеттерин ойлонуңуз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button