Пайдалуу кеңештер
Чипсы жөнүндө: Кытыраганы жагымдуу болгону менен ден соолукка зыяны көп
Биз сүйүп жеген чипсы жөнүндө чындыкты угуудан коркпойсузбу? Анда зыяндарын окуңуз:
- Курамында май жана калория көп болгондуктан ашыкча салсак кошууга, семирүүгө алып келет. Бул эми дайыма көп өлчөмдө кабыл алып жүргөндөргө тиешелүү.
- Туздун көптүгү кан басымын жогорулатат, жүрөк-кан тамыр ооруланын башталышын камсыздайт. Ошондой эле туздун көп болушу организмге суунун топтолуп калышын шарттайт.
- Чипсыны өндүрүүдө трансжирлер да колдонушу мүмкүн. Ал жүрөк-кан тамыр ооруларынын күчөшүнө, анын ичинде атеросклероз жана миокарда инфаркты да бар, алып келет.
- Чипсыны кууруп жатканда жогорку температурада акриламид заты пайда болот. Ал ракты чакыраары айтылат.
- Чипсы дээрлик витамин, минерал ж.б. пайдалуу заттарды камтыбайт. Аны жегенден тойбойсуз.