Спорт

U-20: Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди

Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда  Кыргызстандын футбол боюнча  жаштар   курамасы алгачкы беттешинде Мьянмага каршы кез келди.

Беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты.

Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын курамасы 2:0 оюнду жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, ушул эле тайпада Япония менен Түркмөнстан ойноп, жапондор да 2:0 эсебинде атаандашын жеңген. 27-сентябрда Кыргызстан Түркмөнстан менен ойнойт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button