Саясат

Эсен Исмаилов: Акаев пенсия үчүн эмес, атын акташ үчүн аракет кылууда

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын калыбына келтирүү боюнча арызын четке какты. Парламенттин мурдагы депутаты Эсен Исмаилов Аскар Акаевдин кыргыздын эгемендүүлүк тарыхында ролу чоң экенин белгилеп, анын экс-президенттик макамын ордуна келтирүү зарыл деп эсептейт.

Ал мындай пикирин «Азаттыктын» «Эксперттер сүйлөйт» көрсөтүүсүндө билдирди.

«Аскар Акаевдин бир сөзү бар эле: «Биз мурастын маданиятын, баалуулуктардын маданиятын жоготтук» деген. Бизде ар-намыс абийири жок болуп калды. Аскар Акаев туура эмес кылган, качып кеткен дешет. Ал бийлик алмашуу болуп кеткенде, кан төгүүлөр болуп кетпесин деп кетип калган. Кийин отставкага өзү арыз жазып берди. Кандайдыр бир согуш башталып кетпесин деди. Ошондой эле, ал жерди Кытайга, Казакстанга сатып жиберген да дешет. Союз тарагандан кийин Кытай менен аймакты такташууда элдик дипломат катары мен барып, ошол иште мен болгом. Мисалы, Кытай менен аймак такташууда Казакстан 40 пайыз алды, Тажикстан 30 пайыз алды. А биз 70 пайыз алганбыз.

Эми азыр Аскар Акаевге эмне жетпейт, экс-президенттин пенсиясын ойлоп жатат дегендер болууда. Жок. Ал киши бул үчүн эмес, өзүнүн атын актагысы келип аракет кылууда», — деген мурдагы президент парламенттин Акаевдин арызын четке какканын сынга алды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button