Жанар Акаев: Акаев пенсияга муктаж болбосо, Киркоровдун үйүн сатып алса, анча акчаны кайдан тапты?
«Азаттыктын» «Эксперттер сүйлөйт» көрсөтүүсүндө ЖК депутаты Жанар Акаев мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын калыбына келтирүү боюнча арызын парламентке четке каккан комментарийледи.
Ал Акаевдин да, кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун да түбүнө шайлоо жеткенин белгиледи.
«Экөө тең бийликтен шайлоодон улам кетти. Акаев баласы менен кызын депутат кылып алып келди. Анын уул-кызынан башка кыргыздын бычакка сап уул-кызы жок беле? Аны эске албай ыпылас шайлоо өткөрүлүп, парламентке ким келет, ким келбейт — Акүйдүн 7-кабатында чечиле берген да. Аке-үкө, куда-сөөк, туугандарын алып келип, 120 депутаттын 90ун ошолор менен толтуруп коем демейлик экөөндө тең болгон. Экөөн тең азыр жакшы эле киши болгон дешет. Адам катары жакшы болсо болгондур, бирок президенттикке жакшы киши деген эле жетишпейт да. Ал мыйзамдуулукту талап кылышы керек.
Ооба, тарых барактарын карасаң, Акаевдин да жакшы жактары бар. Борбор Азияда салыштырмалуу демократиядан кеткен эмес, айрым оппозициячыл адамдар парламентке шайланып келе алышкан, ошол жактан чындыкты сайрап турушкан. Ошол эле сомдун күчү боюнча да салымын белгилесек болот. Бирок канчалык периште болбо, бийликтен өз убагында кетишиң керек. Улам-улам мөөнөтүн узартуунун кереги жок болчу.
Эми азыр Акаевдин пенсияга, жансакчыга, резиденцияга муктаждыгы жок, өзүнүн атын акташы керек деп атышат. Муктаждыгы болбосо, анчалык акча кайдан тапты? Киркоровдун үйүн сатып алганы да айтылган. Миллиондогон, миллиарддаган акчалар кайдан келүүдө? Айлыгы ошончолук көппү? Унчукпай турса деле тарых убагында өз баасын бермек, минтип арызз жазып өзүнөн 40, 50 жаш кичүүлөрдүн жакшы-жаман сөзүн угуп эмне кереги бар эле? Бирок Акаевдин убагында ИПД артта калып, жакырчылык орноп, айлык, пособие, пенсияларды курттаган азык-түлүк, арак менен алып калганыбызды да унутпайлы», — деди Жанар Акаев.