Пайдалуу кеңештер
Күзүндө организмибизге кандай азыктар керек?
Салкын тарткан күз күндөрүнүн башталыгы менен организмибиз бир топ калориялуу жана аш болумдуу азыктарга муктаж болот. Жылдыз бул мезгилинде кандай тамактарды рационго кошуу керектигин диетолог Марьяна Жутова айтып берген.
— Күзүндө мезгилдик жашылчаларды көп колдонуу керек, мисалы, ашкабак, картошка, кызылча жана капуста. Ошондой эле суюк тамактарга, дымдалып бышырылган жашылчаларга басым жасоо туура.
Бул азыктар тоюмдуу болот жана суук учурда азыраак үшүтөт. Курамында клечатка жана белок бар азыктарды колдонууну көбөйтүү керек, бул энергиянын деңгээлин турукташтырат жана иммундук системаны бекемдейт.