Пайдалуу кеңештер

Энергиям көп болсун десеңиз эртен менен бул азыкты жеңиз

Эртең мененки тамактануу учурунда денени кубаттандырууга жана энергия менен толтурууга жардам бере турган бир катар азыктар бар. Бул тууралуу диетолог Михаил Гинзбург билдирген.

— Бул максатта лимон кошулган чай же кара шоколаддын бир бөлүгү менен кофе ичүү ылайыктуу. Бул азыктардын курамында стимулдаштыруучу таасири бар кофеин бар. Ал эми лимон — аскорбин кислотасынын булагы, ал дагы организмди кубаттандырат.

Ошол эле учурда, бул азыктарды эртең мененки негизги тамакка кошумча даам иретинде гана колдонгон жакшы. Эртең менен татаал углеводдорго артыкчылык берүүнү сунуштайм. Алар акырындык менен сиңип, узак убакыт бою денеге энергия берет. Жакшы тандоо – сулу жана гречка боткосу дейт элем.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button