Кызыктар

«Комфорт зонасынан» чыгыңыз: 30-сентябрга гороскоп

Кой. Бүгүн майда нерселерге көңүл бурбай эле коюңуз, анткени кийинчерээк анын мааниси жоктугун түшүнөсүз. Андан көрө олуттуу тапшырмага көңүл коюп, жакшы жыйынтык алууга аракеттениңиз.

Букачар. Бүгүн “букачарлар” карама каршы жыныстын өкүлдөрүнүн өзгөчө көңүл буруусуна кабылышат. Мындай эмоциялар бул жылдык белгинин алдында төрөлгөн жалгыз бойлор үчүн жеке жашоо жандана баштады дегенди түшүндүрөт. Жакында жалгыз болбой каласыз.

Эгиздер. Спорт, медитация же өзүн өзү өнүктүрүү – бүгүнкү күндүн мыкты көрсөткүчү болуп калат. Эгерде булардын бирөөсү эле күнүмдүк адатыңызга айланса, анда жашооңуздагы жагымдуу өзгөрүүлөрдү күтө бериңиз.

Бөйөн. Бүгүнкүгө олуттуу жолугушууларды белгилебеңиз жана ага капа болбоңуз. Эң бир курч маселелер сиздин катышууңузсуз эле чечилип калышы мүмкүн.

Арстан. Эгер сиздин ишмердүүлүгүңүз кыймылсыз мүлккө байланыштуу болсо, анда иштеги ири бурулуштарды күтө бериңиз. Бирок ал жакшы жагына болбой калышы да мүмкүн.

Бийкеч. Комфорт зонасынан чыгуу сизге чыныгы куткаруучу болот. “Бийкечтер” бир гана жакшы маанай таппастан, кайсы бир жаңы ишти баштоого да мүмкүнчүлүк алышат.

Тараза. “Таразаларга” жагымдуу нерсени пайдалуу нерсе менен айкалыштырса жакшы болот. Көңүлүңүзгө туура келген адам менен таанышуу күтүп турат.

Чаян. Эчактан бери чаң басып жаткан ишти колго алууга убакыт жетти. Жылдыздар ал ийгиликтүү болоорун убадалап жатышат, ошондуктан эч убакта күмөндөнбөңүз жана жалкоолонбоңуз.

Жаачы. Бүгүн көптөн бери урушуп жүргөн жакын адамдар менен тил табышасыз. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калыңыз, анткени кайра дагы качан мындай абал келээри белгисиз.

Текечер. Таңды медитация же энергия менен сергектик берүүчү иштен баштаңыз. Эгерде аны күнүмдүк эрежеңизге айлантып алсаңыз, анда ар бир таң жакшы маанайга жык толот.

Суу пери. Бош убакытты гармония жана тең салмактуулукту издөөгө коротуңуз. Бул эки башкы аспектисиз сиз алдыга жыла албайбыз, ошондуктан приоритеттерди сабаттуу аныктаңыз.

Балык. “Балыктарга” өзүнө болгон ишенимдүүлүктүн үстүндө иштөөгө туура келет. Күмөн ойлордон арылып, жашооңузга олуттуу караңыз. Майда тоскоолдуктар чыныгы мина талаасына айланып кетиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button