Коом
Үч жылда Кыргызстанда кант диабети боюнча 15 миң аял каттоого турган
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, 2020-жылдан 2023-жылга чейин Кыргызстанда 15 миңден ашуун аял кант диабети дарты боюнча каттоого турган.
Ал эми 45 миң аялда гипертония аныкталган.
Ошондой эле, көкүрөк рагы жана жатын моюнчасынын рагы аялдар чалдыккан жана өлүм алып келген онкологиялык оорулардын сап башында турат.