Кыргызстанда аялдардын ден соолугуна кам көргөн «Аялдын ден соолугу» айлыгы башталды
Кыргызстанда октябрь айында республикалык «Аялдын ден соолугу» айлыгы жүргүзүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, аялдар өздөрү жашаган жери боюнча поликлиникаларга кайрылып, инфекциялык эмес оорулар боюнча кеңеш ала алышат.
«Аялдар ден соолугу» дарттар, анын кесепети тууралуу аялдарды кабардар кылуу жана дартты эрте аныктоо максатында жүргүзүлөт. Октябрь айында аялдар кан басымын, жүрөк-кан тамыр ооруларынын, кант диабетинин өнүгүү тобокелчиликтери бекер аныктатып, кандагы холестериндин, канттын деңгээлин текшерте алышат. Ошондой эле инфекциялык эмес ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча акысыз кеңеш берилет. Бул үчүн жашаган жери боюнча поликлиникадагы үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрылуу жетиштүү.
Инфекциялык эмес оорулар, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети Кыргызстандагы аялдар арасында кеңири тараган.