Коом

Камчыбек Ташиевдин текшерүүсүнөн кийин «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы өткөрмө жөндөмдүүлүгү жакшырды

2024-жылдын 26-сентябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.Ташиев «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн пландан тышкаркы текшерүүгө алып, анын жүрүшүндө көзөмөл-өткөрүү пунктунун толук кандуу иштешине тоскоол болгон бир катар факторлорду аныктап, бул тууралуу жергиликтүү кызматтарга эскертүү берген.

Алсак, пландан тышкары текшерүүдөн кийин мамлекеттик чек арадан Өзбекстан Республикасы менен өткөн адамдардын агымын үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында айрым жерлерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, кошумча паспорттук көзөмөл терезелери ачылып, калкты тейлөө үчүн чек ара кызматынын кызматкерлеринин саны 9 адамга көбөйтүлүп, алардын кызмат өтөө графиги кайрадан каралды.

Учурда УКМК тарабынан «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чаралар каралууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button