Коом
Ош облустук сотунун судьясы өз жанын кыюуга аракет кылганбы?
Соттор кеңеши Ош облустук сотунун ооруканага түшкөн судьясы тууралуу маалымат берди.
Буга чейин ал өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы айтылган эле.
Кеңеш ЖМКларда тараган судья өз жанын кыюуга аракет кылды деген маалымат туура эместигин билдирди.
Бирок бул боюнча кызматтык териштирүү башталып, анын жыйынтыгы боюнча толук маалымат берилет.