Коом
2025-жылы Бишкектин кайсы аймактары газдаштырылары айтылды
Жогорку Кеңештин жылуулук-энергетикалык комплекси, кен иштетүү жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев 2025-жылы Бишкектин кайсы аймактары газдаштырыларын айтты.
Ал белгилегендей, келерки жылы «Газпром Кыргызстан» «Эне-Сай», «Арча-Бешик» (бир бөлүгү) жана «Селекция» конуштары газдаштырат. Ал эми бул жылы «Арча-Бешик» (бир бөлүгү), «Бакай-Ата», «Төкөлдөш» жана Новопавловка айылына газ жеткирилген.
Буга «Газпром Кыргызстан» 1 миллиард сом бөлгөн.