Төрөбаев: Кайсы райондо койдун жүнү көчөдө жатса, аким дароо кызматтан кетет
Министрлер Кабинетинин төрагасынын айыл чарба боюнча орун басары Бакыт Төрөбаев чакан долбоорлорду өнүктүрүү борборунун презентациясында: «Президент кайсы райондо койдун жүнү көчөдө жатса, ошол райондун акимин кызматтан алгыла деди», — деп айтты.
Ал жергиликтүү башкаруу органдарынын башчыларын жарандардын жана ишкерлердин шартын жакшыртуунун үстүндө активдүү иштөөгө чакырды.
Төрөбаев жетекчилерди Камбар-Ата-1ди же темир жол куруп салгыла дебегенин, болгону жөнөкөй жарандарга айыл өкмөтүнүн деңгээлинде шарт түзүп берүүнү талап кылганын белгиледи.
Презентацияда тери сыйруучу жана башка айыл чарба тармагына таандык жабдыктары бар кой жүнүн кайра иштетүүчү чакан цехтер көрсөтүлдү.
«Эгерде ар бир райондо койдун жүнүн кайра иштеткен чакан цехтер болсо, биз тери жана жүнгө байланышкан маселени толук чечебиз», — деди Бакыт Төрөбаев.