Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси жооп берди: Мени бир ууч адамдар жаманатты кылышууда
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмага ылайык экономикалык дипломатияны өнүктүрүү болуп саналаарын билдирди.
«Акыркы жылдары кыргыз-кореялык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлдү.
Конкреттүү практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн мен ар дайым потенциалдуу инвесторлордун Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү принцибин жетекчиликке алам. Элчиликтин жардамы менен кореялык компаниялар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен өз ишмердүүлүгүн түз жүргүзүп, ийгиликтүү ишке ашырууга жетишүүдө. Бул жагдай, атап айтканда, Кыргызстандын Корея Республикасындагы мурдагы ардактуу консулу, учурда чет өлкөлүк жаран болгон адамдын тобунун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып жатат. Бул адамдар Кыргызстанда кореялык компанияларга ортомчулук кызмат көрсөтүү менен алектенишкенин, бирок алар муну жалаң жеке пайда алуу максатында жасап жатканын белгилейм. Мен алардын акча тапкан ишмердүүлүгүн токтотуп салгандыгымдан, алар мага каршы жаманатты кылуу, коомчулукка жаман көрсөтүү аракетин башташты», — деди Исмаилова.