Дарыгер: Аллергияны жакшылап дарылабаса астмага айланып кетиши мүмкүн
Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн башчысы Акылай Маасаидова Биринчи радиого берген маегинде өпкө ооруларынын келип чыгыш себебин айтты.
Ал белгилегендей, аллергияны дарылабай жүрө берсе, астмага айланып кетиши мүмкүн.
Көпчүлүк адамдар көзү кызарып, чүчкүрүп коюп, «аллергиям кармап жатат» деп коюп жүрө беришет. Дарылабай койсо деле өзүнөн өзү өтүп кетчүдөй сезишет. Андай болбойт, бир убактан кийин аллергиялык реакция өпкөгө өтүп кетет да, астмага айланат», — деди ал.
Айтымында, пульмонологго баруу керек болгон өпкө ооруларынын белгилери: кээде кургак, кээде какырык аралаш жөтөлдүн пайда болушу, дене табынын көтөрүлүшү жана аба жетпей демигип баштоо.
Дарыгер өпкө ооруларынын, айрыкча ХОБЛ түрүнүн келип чыгуу себеби 80 пайыз тамеки тартууга байланыштуу экенин айтты.