Коом
КР ӨКМ Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирди
КР ӨКМ билдиргендей, Афганистанга жеткирилген 120 тонна гуманитардык жардам жергиликтүү кампага түшүрүлдү. Гуманитардык жардам президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2024-жылдын февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын/Улуттук коопсуздук кеңешчилеринин Афганистан боюнча алтынчы аймактык диалогунун жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчы эл аралык коомчулукту биримдикке жана Афганистандын элин колдоого чакырганын эске салат.
Кыргызстан Афганистандын табигый кырсыктардан жабыркаган тургундарына да гуманитардык жардам көрсөттү.