Коом

Депутаттар карылар үйүнөн кабар алышты

Кечээ, 1-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева менен депутат Нилуфар Алимжанова Бишкек шаарындагы Карылар үйүнө барып, андагы улгайган жарандардан кабар алышты.

Карылар күнүнө карата карыяларды майрамы менен куттуктаган эл өкүлдөрү, аларга ала барган белектерин тапшырышты. Ошондой эле түзүлгөн шарт-жагдайды жеринде көрүп, Карылар үйүнүн абалы менен таанышышты.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева карыларга кам көрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп: “Кыргызда “Карысы бардын – ырысы бар” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, карылар биздин дөөлөтүбүз, ырыс-кутубуз. Ошондуктан, биз сиздерге сый көрсөтүп, ар убак кабар алып турушубуз кажет”, – деди.

Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова карылардын жашоо-шартын жакшыртуу багытында Жогорку Кеңеш бардык демилгелерди колдоого даяр экендигин айтып, эл өкүлдөрү пенсияларды көтөрүүгө жана башка социалдык төлөмдөрдү көбөйтүүгө тиешелүү мыйзам актыларын ыкчам кабыл алып берип жатканын сөз кылды.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, Карылар үйүндө эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу маселеси да талкууланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button