Коом

Маморгандардын ишине кийлишпегиле! Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлерине катуу эскертүү берди

Мамкомитеттин жетекчилеринин жакын туугандарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине УКМК кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө жол берилбестиги жөнүндө.

КР УКМК атайын кызматтын кызматкерлерине мүнөздүү болгон жогорку моралдык-адеп-ахлактык рухун камсыз кылуу жана колдоо боюнча өздүк курам арасында күчөтүлгөн иштер жүрүп жатканын маалымдайт.  Анын алкагында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө үчүн тартипке карата талаптар күчөтүлдү.

Мыйзамдуулукту сактоо максатында Мамкомитеттин төрагасы кеңешме өткөрүп, анда УКМКнын өздүк курамына катуу эскертүү берип, Мамкомитеттин жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине кийлигишүүгө жол бербөө жөнүндө буйрук чыгарды.

УКМК төрагасы мамкомитеттин жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ишине кийлигишүүгө жол бербөө жөнүндө буйрук чыгарды.

Буга чейин Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга көмөктөшкөн УКМКнын жети кызматкери жазаланганы маалым болгон. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button