Соцфондко түшкөн төгүмдөрдүн эсебинен санаториялар оңдолот
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Социалдык фонддун ушул жылдын бюджетинде каралган «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо» фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнөн топтолгон каражаттарды ай сайын Президенттин Аппаратынын эсептик эсебине которуп турууну тапшырды.
Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы №576 токтомунда кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү чечими кабыл алынган.
Президенттин Администрациясына «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо»фондунан камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу «Санатория-курорттук, курорттук жана туристтик объектилердин ишин башкаруу боюнча дирекциясы» мекемесине капиталдык курулуш жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн өз убагында чегерүү тапшырмасы берилди. Ал каражатка санаториялык-курорттук мекемелерди оңдоо, алардын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу маселери чечилет.