Кан басымдын көтөрүлүшү, баш оору — өзүңүзгө берчү биринчи жардам
Ар кандай жагдайлар болот, кээде көчөдө баратканда же эч ким жок жерде капысынан кан басым көтөрүлүп же колу-бут тырышып калышы мүмкүн. Андай учурда, жаныңызда жардам берчү адамдар же дары-дармекке жетүү мүмкүнчүлүгү болбосо өзүңүзгө өзүңүз гана жардам берүүгө туура келет. Аларды билип алыңыз:
Баш тегеренип, учуп бараткандай сезсеңиз — буттун учун тиктеп, жерде турганыңызды сезе баштаганча бул акыбалдан чыкпаңыз. Андан кийин секириңиз, согончогуңуз менен жерди тепкилеңиз, отуруп кайра туруңуз.
Кан басым жогоруласа — дем алыңыз. Дем чыгаруу дем алууга караганда жайыраак болушу керек. Аны эсептеңиз, өзүңүзгө келишиңиз үчүн жок дегенде 10 жолу дем алып, анан шашпай демиңизди чыгаруу зарыл.
Жүрөк катуу соксо — көкүрөк тушту акырын ургулаңыз: 1 секундда бир сокку. Андан тез болбошу керек. Ургулаган сайын «мен бармын» деп кайталаңыз.
Дене тырышып, катып бараткандай сезим жаралса — керилиңиз, алаканды, кулактын учун, каш кыркаларын, чыкыйды, таманды, моюнду ушалаңыз.
Дене, булчуңдар ооруп баштаса — ары-бери кыйшайыңыз, беттеги булчуңдарды кыймылга келтирүү үчүн кабакты бүркөп, кайра ачыңыз.