Коом

УКМК: «Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Баасы 5 млн доллар

«Лагуна Сити» эс алуу борборунун мүлк комплексинин бир бөлүгү, анын ичинде коттедждер, мончо жана сауна, кафелер жана ресторандар, административдик имараттар ж.б. мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Бул УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы, ошондой эле К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында болду.

Белгиленгендей, аталган мүлктөрдүн алдын ала болжолдуу баасы 5 миллион АКШ долларын түзөт.

«КР УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button