Видео — «Йакын-Инкардын» активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү
УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бурма-Суу жана Сары-Камыш айылдарынын тургундары болгон «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 16 активдүү мүчөсүнүн жашаган жерлери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Тинтүү иштеринин натыйжасында жогоруда аталгандардын жашаган дарегинде диний-экстремисттик агымга таандыктыгы бар ар кандай диний китептер, диний мүнөздөгү дептерлер, уюлдук телефондор, ошондой эле ок атуучу куралдар табылды.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында диний-экстремисттик агымдын көпчүлүк мүчөлөрү радикалдуу идеологиядан баш тарткандыгын белгилей кетүү керек. Алар тарабынан рецидив фактыларын болтурбоо максатында КР Улуттук коопсуздук органдарынын атынан расмий эскертүү берилген.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
КР УКМК жарандарды Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинин каралгандыгы жөнүндө эскертет.