Дүйнө
Садыр Жапаров Ватиканда Рим папасы менен жолукту

Өлкө башчы Рим папасы Францисктин дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке чоң салымын белгилеп, Кыргызстанда өлкөнүн бардык диний жамааттары коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналарын жана анын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойной турганын кошумчалаган.
Рим папасы өлкөнүн көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдогон аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Соңунда Садыр Жапаров Рим папасы Францискти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.