Карызга баттыңызбы? Эмне кылуу керек

Биз жашап жаткан доор – чыгашанын доору экени талашсыз. Дээрлик бардык адамдын чыгашасы кирешесин басып кетет. Мындай учурда карызга батып калуу оңой эле. Карызыңыз көбөйүп, эмне кылаар айлаңызды таппай турасызбы? Бардык нерсенин акыры болот, мындан да чыгасыз. Башкысы, өзүңүздү сабырдуу кармап, план түзө билиңиз. Ал кандай план десеңиз, төмөнкүдөй:
Карыз чынжырын үзүңүз
Биринчи карызга батууга алып келген, акчаны көзүнө карабай короткон адатыңызды тыйыңыз. Капчыгыңыздагы акча корот деп азгырып турган кредиттик карталарыңызды жок кылыңыз. Ошондой эле бюджетиңизди карап чыгып, акчаны кантип коротуп жатканыңызга абай салыңыз. Кымбат баалуу адаттарыңыздан: саякатка чыгуудан, тренажердук залга баруу, тамеки тартуу, алкоголь ичүүдөн арылып, аларга кеткен акчаны үнөмдөөгө тырышыңыз.
Канча карыз экениңизди эсептеңиз
Бул коркунучтуу болушу да мүмкүн, канча карыз экениңизди билүү кубаныч алып келбеши анык. Бирок карызга тике кароо менен аны көзөмөлдөй аласыз. Карыздын тизмесин түзүңүз, ал жерге: кимге карызсыз, канча карызсыз, качан төлөшүңүз керек, ай сайын канча төлөшүңүз керек – баарын жазыңыз. Кеп жөн гана тизмелеп, анан аны унутуп коюуда эмес. Карыздын суммасы өзгөргөн сайын тизмени да өзгөртүп, берилген карызды кемитип коюп турасыз. Бул сизге жеңилдик берип, өзүңүзгө ишенимди кайтарат.
Көрсөтүлгөн суммадан көп төлөңүз
Ай сайын төлөнүүчү сумманы көбөйтүп төлөө карыздан эрте кутулууга жардам берет. Анткени аздан төлөгөндө акырында кредит үчүн комиссияга көбүрөөк сумма кошуп каласыз. Ал эми көп төлөп кутулганда бул нерсе болбойт.
Керексиз буюмдарды сатыңыз
Бай болбогон учурда дагы ар бир үйдөн колдонулбай жаткан буюмдарды табууга болот. Буюмдарыңызды бир сыйра карап, кереги тийбей турган техника, эмерек же кийим болобу сатууга ыңгайлаштырыңыз. Колдонулган буюмдарды сатуу үчүн атайын сайттар бар. Андан түшкөн акчаны карыздан кутулууга жумшаңыз.
Бир карызды төлөңүз
Мындан 7 жыл мурда изилдөөчүлөр карыздан кутулуунун натыйжалуу жолун табышкан. Ал – эң аз карыздан кутулууга көңүл буруу. Бардык карызды тизмеге киргизгенден кийин эң азынан кутулуудан баштап, улам жогору карай жылып отуруңуз.
Көбүрөөк киреше табууга умтулуңуз
Карыздан кутулуу процесси – жайбаракат болууга мүмкүндүк бербейт. Ойлонуп көрүңүз: дагы кайсы жактан кошумча киреше табууга болот? Жумушуңуздан көтөрүлүүнү (ага жараша айлык акы да көтөрүлөт эмеспи) сунуштоо менен баштасаңыз болот. Же айлыгы бир топ жогору башка ишке өтүүгө аракеттениңиз. Башкысы: ал акчаларды карыздан кутулууга жумшаңыз.
Жыйынтык чыгаралы
Карызга батып турганда башты кумга катууга болбойт. Андан көрө өзүңүздү бекем кармап, андан кутулууга башты бийик көтөрүп кадам таштаңыз. Жыйынтыгында, өзүңүзгө ыраазы болосуз.



