Коом
Бишкекте Акүйдүн жанында автоунаа аялды сүзүп кетти
Кечээ, 8-октябрда Бишкектин Чүй проспектисиндеги Акүйдүн жанында жөө адамдар өтүүчү тилкеде бараткан аялды «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жабыркаган аял ооруканага жеткирилип, баш-мээнин жабык жабыркашы, баа мээнин чайкалышы боюнча алдын ала диагноз коюлган.
Бул окуя каттоого алынып, учурда иликтөө иштери башталды. Автоунаа айыппул төлөп токтотуучу жайга коюлду.