Карызга баттыңызбы? Андан чыгуунун жолдорун издеңиз…

Эмнеге айрым адамдар карызга белчесинен батып, биринен кутулуу үчүн кийинкисин алып, көп жылдар аны төлөө үчүн гана жашап калышат? Психологдор буга жети себеп бардыгын айтышат. Кээ бир адамдан бул жети себептин баарын тең табууга болот. Алар кайсылар экенин төмөндө айтып беребиз.
1. Акча табууну билбестик
Сиз дүкөнгө алдын ала жазылган тизме менен барып, анын чийининен эч убакта чыкпайсыз. Бирок эмнегедир айдын аягында чыгашаңыз кирешеден бир нече эсеге ашып кеткен болот. Бул жерден “мен акча табууну билеминби?” – деп ойлонуу керек. Балким ыңгайлуу бир орун таап алып, ашыкча түйшүгү жок иштегенге көнүп алгандырсыз? Анда айлыкка чейин тааныштардан карызга акча алганыңызды түшүнүүгө болот.
Профессионалдык жөндөмүңүздү күчөтүңүз, жаңы долбоорлорду издеңиз, өзүңүздүн тармактагы статусуңузду көтөрүңүз – акырында каржылык тең салмактуулукка жетише аласыз. Суу түбүндө жаткан таш тууралуу макалды уктуңуз беле? Жанды кыйнабаган бир калыптагы тиричиликке көнүп алсаңыз кайдан карызсыз жашоо болмок эле.
2. Статусту кармоо
Сырты жылтырак – ичи калтырак. Айрымдар так ушул принцип менен жашашат, өзүн ийгиликтүү адам көрсөтүшүп, кымбат батирде ижарага алып болсо да жашашат, бренд кийимдерди гана кийишет, акыркы үлгүдөгү гаджеттерди көтөрүшөт. Бирок ушунун баарына оңой эмес акча кетет. Эгер сиз миллионердин үй-бүлөсүнөн болбосоңуз, анда жаңы үлгүдөгү смартфонду насыяга аласыз дагы, аны төлөш үчүн доширак менен тамактанууга туура келет. Ушул эле нерсе кымбат унаа айдап, үйүнө укмуштуудай кинотеатр орнотуп, балдарын элиталык мектептен окуткандарга да таандык.
Сырткы көрүнүшүңүз үчүн тамак-аштан үнөмдөсөңүз, ден соолугуңузду курмандыкка чалып жаткан болосуз. Нервиңиз, тынчыңыз кетет, карыздарды төлөө үчүн гана иштеп каласыз. Жок дегенде өзүңүздү башка бирөөнүн көзү менен карап “мен чынында киммин?” – деп көрүңүзчү. Ийгиликтүү адамдын беткабын тагынган адам чын эле сизби?
3. Инфантилизм
Көп эле адамдар канча жашка чыкса да жандүйнөсүндө өз жашоосу үчүн жоопкерчиликти алуудан корккон бала бойдон калаарын айтуу күнөө эместир. Бул каржы жаатына дагы тийиштүү. Кошунадан же достон карызга акча алып турууга болсо, кошумча жумуш издеп чарпылыштын эмне кереги бар? Үй-бүлөлүк бюджетти көбөйтүү зарылбы, тиги жакта насыя берчү банк турганда? Жаңы сумка үчүн акча табууга башымды оорутуп отурбай, насыяга ала салбаймынбы. Эртеңдин өзүнүн ырыскысы бар, бүгүнкү менен жашоо керек. Мындай адамдар ой жүгүртүүсүн өзгөртмөйүнчө карыздын чынжырынан бошоп чыга алышпайт.
4. Ата-эне берген үлгү
Акчаны пайдалануудагы ата-эне берген үлгү дагы маанилүү. Эгер сиз балачактан апаңыз менен атаңыз иштеп тапкан акчасын заматта коротуп коюп, андан соң тааныштарынан карызга акча сураганын көрүп чоңойсоңуз, сиз дагы өз алдынча жашоого чыккандан кийин ошону кайталашыңыз мүмкүн. Кокус эле ата-эненин катачылыгын өзүңүз түшүнүп, убагында туура жыйынтык чыгарып албасаңыз. Ошондой эле балачакта сизге күнүмдүк керектөө үчүн акча берип же дүкөнгө сатып алууларга жөнөтүп турушпаган болсо, карыздын желесине кабылаарыңыз анык. Дагы бир жагы: ата-энеңиз сизди абдан эркелетип, ар бир каалооңузду аткарган болсо, мында дагы ата-энеңизден бөлүнүп жашай баштаган маалда насыя жана карызга байланып калышыңыз ыктымал.
5. Баары заматта болсун
Кайсы бир буюмду алууга каалоо тынчыңызды алып, а бирок чөнтөгүңүздө сокур тыйын жок болуп жатса, анда сиз насыялардын кайырмагына оңой илинесиз. Бир жолу смартфонду насыяга алдыңыз, экинчи жолу – чаң соргуч, анан тойго кийүүгө көйнөк… ушинтип кете бересиз. Ооба, булар керектүү буюмдар, бирок арзандатуулар мезгилин же чөнтөгүңүзгө жакшы сумма түшүп калчу учурду күтүп турууга болот да. Бирок “заматта болсун” принциби айтканын бербейт. Биз кыялыбызды заматта аткарган сыйкырдуу таякты издеп баштайбыз. Ал – карыз. Карызга башка бирөөнүн акчасын убактылуу аласыз, а өзүңүздүкүн биротоло бересиз. Ушуну ойлонуңуз.
6. Көз карандуулуктун таасири
Көбүнчө карызга көз карандуулугу бар адамдар батышат. Алкоголь, казино жана башка көңүл ачуулар – буга көп сумма керектелет. Аларга акча кетиргенден кийин үй-бүлөлүк бюджет очорулуп калаары да белгилүү. Мындай адамдар өздөрүн өздөрү гана токтотпосо, аларды оңдоого эч кимдин алы жетпейт.
7. Бергенди билбестик
Дагы бир кеңири жайылган вариант: бергенди билбегениңиз үчүн да дайыма карызга батып жүрөсүз. Аласыз, аласыз, аласыз, бирок бербейсиз. Бул бир гана материалдык жаатка тийиштүү нерсе эмес, сүйлөшүүдөгү энергия алмашууга да таандык.
Аз акча карызга алып, аны көп убакыт бербей жүргөн адамдар бардыгын билсеңиз керек? Мына, так ошондойлор каржылык куйрукту илештирип алып, убакыт өскөн сайын аны эселеп өстүрө бергендерге кирет. Же алар кадимки эле бирөөнүн эсебинен жашоону жакшы көргөндөр же ага акча берип турууну таанышынын же тууганынын милдети деп эсептеп алгандар. Баса, мындайлар бөлүшүүнү да каалашпайт. Алардан белек да албайсың, рахмат да укпайсың.