Пайдалуу кеңештер
Кайсы чөптүн организмге кандай таасири бар?
«Биз өзүбүздүн дарыларыбыздын үстүндө басабыз» деп коюшат. Анткени, жаратылыш бизге укмуштуудай шыпааларды берген, айланабызды өсүп жаткан ар бир өсүмдүктүн кандайдыр бир дарылыгы бар. Анда, алардын органдарыбызга болгон пайдасын билип алалы.
Мээ — гинкго билоба, женьшень, кайен калемпири, ламинария.
Бөйрөк — имбирь, бөрү карагат, клюква, астрагал.
Жүрөк — какао, эне чөп, сарымсак, куркума.
Боор — сүт тикенек, каакым, төө жалбырактын тамыры, артишок.
Өпкө — миңтамыр, коровяк.