Жетекчиликтин чечимин сынга албаңыз: 21-октябрга гороскоп

Кой. Кесиптештер менен сүйлөшүүдө абайлаңыз, бүгүн сизге баары эле жакшылык каалай бербейт. Карызыңыз кайтарылат, бирок кимдир бирөөнүн өтүнүчү менен өзүңүзгө финансылык жоопкерчилик албаңыз. Бойдокторду келечектүү таанышуу күтүп турат, бирок окуя дароо эле өнүгүп кетет деп күтпөңүз, баарын байкаштырууга убакыт бериңиз. Тамак-аштан ууланып калышыңыз мүмкүн, ошондуктан жеп жаткан азыктарга кылдат болуңуз.
Букачар. Финансылык кырдаал турукташат, үйгө кандайдыр бир жагымдуу сатып алуу – тиричилик техникасы же электроника болушу мүмкүн. Жумуш жаатында күн тынч өтөт, бирок жетекчилик менен айлык акыны талкуулабаңыз: бүгүн ылайыктуу күн эмес. Сүйүктүүңүз тарабынан кызгануу болушу мүмкүн. Аны менен чын дилден ачык сүйлөшүп алууга убакыт келди – ачыктык мамилени бекемдейт. Тамак –ашыңызга көңүл буруп, ашыкча тоюп алуудан абайлаңыз.
Эгиздер. Жумушта бир гана чоңураак эмес бонус алып гана тим болбостон, жетекчилик тарабынан сизге кызыктуу долбоор сунушталышы мүмкүн. Эски финансылык маселелерди жабууга ылайыктуу күн. Керексиз, эски буюмдарды ыргытыңыз – үйүңүздү жеңилдетүү сизге да жеңилдик берет. Эгерде жолугуушуну пландап жатсаңыз, күтүлбөгөн сюрпризге даяр болуңуз: кайсы бир адам тууралуу жаңы нерсени угушуңуз мүмкүн. Эс алууга убакыт бөлүңүз.
Бөйөн. Финансы жаатында жагымдуу сюрпризге туш болосуз – сыйлык же баалуу белек алышыңыз мүмкүн. Жумушта азыраак түшүнбөөчүлүк орун алат, ошондуктан документтерге кылдат болуңуз. Үйдө майра ремонтко же эчактан бери оңдоого муктаж болуп турган тиричилик техникасына көңүл бурасыз. Жеке жашооңузда баары жакшы кете бербейт, өнөктөшүңүз менен түшүнбөөчүлүк болот, конфликтке баруудан качыңыз.
Арстан. Сизге кошумча иш сунушталышы мүмкүн, ал кошумча киреше алып келет. Мүмкүнчүлүктү кое бербеңиз, бирок өтө көп жумуш алып алуудан да абайлаңыз. Мезгилдик бут кийим, кийим сатып алууга ыңгайлуу күн. Үйдө күтүлбөгөн окуя болот, мисалы, эски досуңуз, тууганыңыз капысынан келип калышы мүмкүн. Бойдоктор түгөйүн жолуктурбайт, кокус бүгүн таанышуу болуп калса, үмүт арта бербеңиз.
Бийкеч. Жумушта өзүңүздү жакшы жагынан көрсөтүүгө шанс болот, айрыкча эгерде аналитикага же документтерге байланышкан долбоордо. Майда, бирок пайдалуу сатып алууларга ылайыктуу күн. Эски сүрөттөрдү карап, иретке келтириңиз. Жеке мамиледе көңүл калуучулук болот, бирок шашылыш чечим кабыл албай, өнөктөшүңүз менен ачык сүйлөшүүгө умтулуңуз.
Тараза. Сизге чыгармачылык мамиле талап кылган жаңы долбоор сунушташат. Баш тартпаңыз – бул финансы жагынан да, карьераларык өсүш жагынан да пайдалуу болот. Эчактан бери чечилбей келаткан маселеңизди чечип алууга ылайыктуу күн. Бойдоктор түгөйүн сапардан кезиктиришет. Оорубайм десеңиз күн сайын физикалык жактан активдүү болууну унутпаңыз.
Чаян. Жумушта сизге маанилүү сунуш түшөт, мисалы бөлүм которуштурасыз же жаңы милдет тагылат. Макул болуңуз, чечим пайдалуу болот. Бүгүн ири сатып алууларды жасабай туруңуз, айрыкча тиричилик техникаларын же электроника буюмдарын. Бош убактыңызды көп убакыт талап кылбаган үй иштерине арнаңыз. Жеке жашоодо түгөйүңүз кызыктуу белек берет.
Жаачы. Жумуш күчүңүздү бүгүн аз алат, ага карабай азыраак кыйынчылык болушу мүмкүн, бирок жакшылап көңүл бурсаңыз бул сиздин пайдаңызга чечилет. Кесиптештер жана жетекчилик менен конфликтке баруудан качыңыз, бүгүн башка бирөөнүн чечимин сынга алууга болбойт. Суук тийүү ооруларына кабылып калышыңыз мүмкүн, андыктан эл көп жерге баруудан качып, жылуу кийинип жүрүңүз.
Текечер. Сиздин профессионалдык жөндөмүңүз жетекчилик тарабынан татыктуу бааланат, кызмат абалынан бийиктеп, айлык акыңыз да жогорулашы мүмкүн. Инвестицияга ылайыктуу күн, бирок сөзсүз түрдө адистер менен кеңешиңиз. Улгайган туугандарыңыз же балдарыңыз бүгүн көңүл бурууңузду талап кылып кечкиге болгон пландарыңызды бузушу мүмкүн. Мамиледе гармония болот. Далыңызга көңүл буруңуз, балким массажистке барууга убакыт келди.
Суу пери. Финансылык жакта маселе жаралбайт, бирок абайлаңыз, ири сатып алууларды азырынча жасабай турганыңыз оң. Жумушта жетекчилик менен талашып-тартышуудан алыс болуңуз, бүгүнкү күн маанилүү сүйлөшүүлөргө ылайыктуу эмес. Өнөктөшүңүз менен мамиледе бир аз чыңалуу болушу мүмкүн, андан ары күчөтүп албаңыз, бири бириңиздерге эркиндик бере туруу оң.
Балык. Финансылык кырдаал туруктуу бойдон калат, бирок жаңы төлөмдөрдү жасабай туруңуз. Жумушта ишиңиз бир аз тоскоолдукка кабылышы мүмкүн, бирок тынчсызданбаңыз, баары сиз ойлогондой болот. Кечти үйдө эмес достор менен жолугушуп же киного барып өткөрүңүз. Жеке жашоодо күтүлбөгөн окуя күтүп турат: баарлашууга жана жаңы сунуштарга ачык болуңуз, бирок жыйынтык чыгарууга шашылбаңыз.