Пайдалуу кеңештер
Эски кеңештерден: ден соолук жана сулуулук
Эл арасында улуулардан калган ар кандай кеңештер бар. Ал ден соолукка да, сулуулукка да жана башка көйгөйлөргө да тийиштүү. Алардын айрымдарынын топтомун сиздерге сунуштайбыз.
- Тамактанар алдында суу ичип алыңыз — жаштыгыңыз узакка сакталат.
- Колдун терисин жакшыртам десеңиз алоэнин жана сарымсактын ширесинен жардам сураңыз.
- Эркек карыган сайын пияз ага ошончолук пайдалуу боло баштайт.
- Ачкарын сарымсак жесеңиз, кечке чейин эч кандай вирус сизге жакындай албайт.
- Бал, лимон жана сарымсак ар кандай суук тийүү ооруларын кубалайт.
- Глицерин, бал жана лимонду аралаштырып жеп алсаңыз, жөтөл тып токтойт.
- Ревматизмге кара түрптүн маңызы миңдин бири.