Кызыктар

Кыймылсыз мүлккө болгон кырдаал өзгөрөт: 23-октябрга гороскоп

Кой. Бүгүн сизде үй жана үй-бүлө боюнча так идея жаралат. Бул кыймылсыз мүлккө болгон чечим да болушу мүмкүн. Эмнелер болуп жатканынан кабардар болуп туруңуз, анткени кайсы бир нерсе күтүүсүз өзгөрүшү ыктымал. Бул финансыга, кирешелерге же сиз ээлик кылган кайсы бир нерсеге байланыштуу болушу мүмкүн.

Букачар. Бул алдын ала айтууга мүмкүн болбогон күн. Пландар күтүүсүз өзгөрүлүп да кетет. Ошондуктан эмнени сүйлөп, эмнени жасап жатканыңызга көңүл буруңуз, андай кылуу менен ар кандай жагымсыз нерселердин алдын аласыз. Башка жагынан караганда, акылдуу, оригиналдуу идеялар өзүнөн өзү келе берет. Сиз жаңы адамдар менен таанышасыз. Кандай болгон күндө дагы бул болчу нерсе.

Эгиздер. Бүгүн акчаңызды сарамжалдаңыз, анткени күтүлбөгөн кырдаал таасирин тийгизиши мүмкүн. Сиз акча табасыз, бирок аны коротуп да жибересиз. Акылдуу болуп, бар акчаңызды уурдатуудан, жоготуудан абайлаңыз. Башка жагынан алганда, акча иштеп калуу мүмкүнчүлүгү да капысынан пайда болот.

Бөйөн. Бүгүн сиз тез ачууланып, эмоцияга бат алдырасыз. Бир нерсе жасаардан мурда эки жолу ойлонуңуз. Ойлонулбаган ишти жасабаңыз. Бирок пикириңизди билдирүүдө тайманбас болуп чыга келесиз, айрыкча социалдык кырдаалдарда. Баарын болгондой айтыңыз.

Арстан. Эмоциянын жетегинде чечим кабыл албаңыз, анткени кийин өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Баарын так ойлонуу үчүн өзүңүздүн дисциплинаңызды сактаңыз. Сиздин кызыкчылыгыңызга кызыкдар болбогон адамдардан өзүңүздү коргоңуз. Сак болуңуз.

Бийкеч. Сиздин энтузиазмиңиз жана башкаларды ынандырууга болгон жөндөмүңүз башкаларды сизди ээрчий тургандай кылат. Адамдар сизди колдошот. Бирок кайсы бир нерсе капысынан сизди тупикке келтирет. Бул эсиңизде болсун. Бүгүн окуялар бат – бат алмашып турат.

Тараза. Бул күн кызыктуу күн. Сиз амбициялуу жана ишенимдүү болосуз, бул деген авторитеттүү адамдарга таасириңизди тийгизе аласыз дегенди билдирет. Бирок бир окуя буга болгон ишенимиңизди төмөндөтүшү мүмкүн. Бардык нерсеге даяр болгонуңуз оң.

Чаян. Бул көбүнө айтып болгус күн. Сапарга чыкчулардын планы өзгөрөт. Же ал токтойт, кийинкиге жылдырылат же сиз сапарга чыгууну пландабаган болсоңуз күтүүсүз жолго чыгууга аргасыздык жаралышы мүмкүн. Юридикалык чечимдер да күтүүсүз болот.

Жаачы. Банк реквизиттерин жана мурас, салык, карыз, кредиттик карта, жалпы кыймылсыз мүлк жана камсыздандыруу маселелерине байланышкан нерселерди абдан кылдат текшериңиз. Анткени ушул жааттан бүгүн сизди кандайдыр бир окуялар коштойт. Байлыгыңыз тууралуу кеп болуп жатканда уктаганды коюңуз. Уктасаңыз жеңилесиз.

Текечер. Жакын достор жана туугандар, кесиптештер менен баарлашууда этият болуңуз, бир сөз менен өзүңүз да билбей капа кылып алышыңыз мүмкүн. Ал чыр-чатакка да жеткирет. Сиз күтпөгөн жактан сунуш да түшөт. Ошондой эле башкалар сизден эмне каалап жатканына да абай салыңыз.

Суу пери. Бүгүн иш десе ишке, аш десе ашка жетишкен ашыкча энергиялуу болуп чыга келесиз. Бирок башкаларга талапты катуу коем деп, тескери кадам таштап алышыңыз мүмкүн. Кимдир бирөө жумуш күн тартибиңизди бузушу мүмкүн.

Балык. Ата-энелер балдарыңыздарга сак болуңуздар. Эл көп чогулган жерлерге жалгыз жибербей туруңуздар. Күтүлбөгөн сунуш алышыңыз мүмкүн же тескерисинче буга чейин жасалган сунуш бүгүн өзгөрүшү мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button