Кызыктар

Желкеңизге үйүлүп калган иштерди «ыргытыңыз»: 24-октябрга гороскоп

Кой. Бул күнү ашыкча маселе болбойт. Оор чечимдерди өз алдыңызча кабыл ала берсеңиз болот, кеңештер тоскоолдук гана жаратат. Жумушта пикир келишпөөчүлүк орун алып, конфликт болушу мүмкүн, бирок андан репутацияңыз жана ишиңиз жабыркабайт. Сапарга чыгуу, романтикалык жолугушуулар, достордун жолугушуулары ийгиликтөө болот.

Букачар. Күн ар кандай кыйынчылыктар менен коштолот, бирок аягы жомоктогудай эле жакшы бүтөт. Азыр жумуштук маселелер менен адаттагыдан көп алектенесиз, кайсы бир жакка чалуу, маалымат алуу кыйынчылык жаратат, бардык иш колуңуздан түшкөндөй боло берет. Алдамчыларга учурап калышыңыз да мүмкүн. Агрессия жана кыжыр менен кырдаалды оңдоого болбойт, чыдамкай жана акылдуу болуңуз. Кеч күндүн кыйынчылыгын үйдөгү жайлуу абал, көңүлдүү кече менен компенсациялап берет.

Эгиздер. Ар кандай транспорт менен саякатка чыгууга эң сонун күн. Абдан сонун эмоцияларга курчалып, ички дүйнөңүзгө жаңы күч топтойсуз. Жаңы досторду, жумуш боюнча пайдалуу байланыштарды табышыңыз мүмкүн. Жумушта баары түз жана бир калыпта болот, эгерде эле өзүңүз көп демилге көтөрүп албасаңыз.

Бөйөн. Сиз бүгүн өз күчүңүзгө болуп көрбөгөндөй ишенимдүү болосуз. Ошондуктан тоону томкоруп же кандай ишти болбосун жакшырта аласыз. Ар кандай окуялардан жана эксперименттерден баш тарта турганыңыз оң, болбосо жыйынтыгында жалгыз каласыз. Үй-бүлөлүк жашоодо тиричилик жаатында конфликт болушу ыктымал.

Арстан. Сизди оор күн күтүп турат, профессионалдык, сезим, жакын дос, туугандар жактан конфликт жаралышы ыктымал. Ашыкча эмоция сизге жардам бербейт, жооп иретинде агрессия көрсөтүүдөн алыс болуңуз. Эсептөөлөрдө же документтерде ката кетирип албаңыз, бардык маанилүү кагаздарды жакшылап текшериңиз.

Бийкеч. Жаңы пландар жана идеялардын булагына айланышыңыз мүмкүн, бирок эсиңизде болсун эски иштерди бүтүрбөй туруп жаңы ишти жолго кое албайсыз. Эски иштерге бүгүн чекит коюңуз. Келечекке план түзүңүз. Үй-бүлөңүз сизди бардык жактан колдойт.

Тараза. Жашоого жаңы идеяларды киргизүүгө, каалоолорду аткарууга ылайыктуу убак. Жетекчилик же бизнес-өнөктөштөр менен байланышты жакшырта аласыз, жаңы тааныштарды жолуктурасыз. Пландалбаган сатып алууларды токтото туруңуз, болбосо алдыда акчасыз калышыңыз мүмкүн.

Чаян. Сизде бул күнгө абдан көп пландар бар, бирок анын баары эле ишке ашып же сизге пайдалуу боло бербейт. Алыс жолго чыкпай туруңуз, айрыкча машинада. Спорттук машыгууларды да жасабаңыз, жаракат алышыңыз мүмкүн. Күн соңунда маанилүү документтерге байланышкан маселе жаралат.

Жаачы. Кандай ишти болбосун аткара аласыз. Ар кандай маселени оңой чечип, ар кандай кырдаалдан татыктуу чыгып кетесиз. Бирок ден соолугуңуз көйгөй жаратышы мүмкүн, өзүңүздү сактаңыз. Жакын адамдарыңызга көңүл буруңуз, алар эчактан бери сиздин колдооңузга муктаж болушууда.

Текечер. Азыр он адамга жете турчу иш сизди күтүп жатат. Токтоңуз. Бүгүнчө желкеңизге үйүлүп калган милдеттерди ыргытып таштап, өзүңүздүн абалыңызга көңүл буруңуз. Энергияны, жашоо кубатын тез арада калыбына келтирүү керек. Эгерде зарылчылдык жаралса дарыгерге барыңыз, жакын адамдарыңызга кайрылыңыз.

 Суу пери. Бүгүн ашыкча иштеп жиберсеңиз же кайсы бир маселени чечем деп кара жаныңызды карч урсаңыз, ден соолугуңузду жабыркатып алуу коркунучуна туш келесиз. Бул күндү толугу менен үй-бүлө жана жакындар үчүн бошотуңуз. Үй-бүлөлүк майрам уюштуруп, өзүңүздү белектер же даамдуу тамак менен сыйлаңыз.

Балык. Бүгүн энергиялуу болосуз. Сергектик, оптимисттик сизге конокко келишет, ошондуктан баарын аткара алам деген ишеним жаралат. Бирок өзүңүздү жана айланадагыларды алдабаңыз. Башкы ишти тандап алып, план менен гана иш кылыңыз. Маанайыңыз тез-тез өзгөрүп турушу мүмкүн, ошондуктан эмоцияңызды көзөмөлгө алыңыз. Сизден кызматтык милдети жогору турган кесиптештер же достор тарабынан күтүлбөгөн жардам алышыңыз ыктымал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button