Кызыктар

Каржылык абалыңыз жакшырат: 25-октябрга гороскоп

Кой. Жаңы долбоорлорду жана демилгелерди баштоого эң сонун күн. Башка бирөөнүн ишине кийлигишүүгө аргасыз кылган кырдаал жаралышы да мүмкүн. Балким жакындарыңыздын бирин чоң ката кетирүүдөн сактап каласыз.

Букачар. Бүгүн эч кандай маанилүү окуя болбойт, а эгер боло турган болсо анда сиздин катышууңузсуз. Кандай болсо дагы сиздин сунуш кабыл алынат, а пикир келишпөөчүлүктөн кыйгап өтүүгө үлгүрөсүз.

Эгиздер. Сизге суроолор жамгырдай жаашына даяр болуңуз, а сиз өзүңүздүн жетишкендиктериңизди айтып берүүдөн тартынбаңыз. Жаңы долбоор тууралуу ойлонууга убакыт келди.

Бөйөн. Жумшактыгыңыз жана сезимталдуулугуңуз жумуштагы конфликтти чечүүгө жардам берет. Акча түшүүсү мүмкүн же каржылык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк жаратчу ийгиликтүү макулдашуу болот.

Арстан. Бүгүн сиздин күчүңүз жетпеген ишке мурдуңузду салбаңыз. Андан көрө күч топтоп, убакытты көңүлдүү өткөрүп, сизди кантип кубантууну билген адамдар менен баарлашыңыз.

Бийкеч. Ишти уюштуруунун ар бир деталына баам таштаңыз. Сиздин күчүңүз, энергияңыз көп, көп нерсени аткарууга жөндөмдүүсүз. Аны пайдаланып көздөгөнүңүзгө жетиңиз.

Тараза. Акчаны үнөмдөңүз, керексиз эле буюмду чоң акчага сатып алуу коркунучу бүгүн сизде бар. Романтикалык тарыхыңыз бүгүн башталышы мүмкүн.

Чаян. Бул күнү маанилүү жолугушууларды белгилебей эле коюңуз, сиздин эмоционалдык акыбалыңыз стабилдүү болбойт. Сиздин катышууңузду күтүп жаткан иштерди аягына чыгара бериңиз.

Жаачы. Бүгүн сиз айланадагылардын татыктуу жогорку баасына ээ болосуз. Иликтөө иштери менен алектенген “жаачылар” жаңы перспективага ээ болот.

Текечер. Маанилүү чечимдерди кабыл алууга ылайыктуу күн. Келечекке болгон пландарды аныктап, жакынкы аралыкта кайсынысын ишке ашыруу зарыл экенин тактап алыңыз.

Суу пери. Сиздин идеяларыңыз жетекчиликти кызыктырышы мүмкүн – ал жөнүндө кызыктуу кылып айтып берүүгө аракеттениңиз. Жашооңузду өзгөртүүгө каалооңуз ойгонот.

Балык. Күчүңүздү куру бекер коротпоңуз. Анын үстүнө, күн көптөн бери чыгынбай жүргөн иштерди аяктоого ылайыктуу болуп турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button