Илимпоздор ачылыш жасашты: Өлгөндөн кийин кайда барабыз?

Рodrobnosti.ua басылмасы илимпоздордун өлүмдөн кийин эмне бардыгын иликтеген ачылышын жарыялады.
Анда айтылгандарга таянсак, чет өлкөлүк окумуштуулар адамдын жандүйнөсүн иликтөө менен таң калаарлык жыйынтыкка келишкен.
Эксперттер адамдын жандүйнөсүнүн квантовалык гравитациясына ылайык, адамдын жаны өлүмдөн кийин ааламдагы маалыматтарды сактоочу жайга жөнөөрүн аныкташкан.
1996-жылы башталган бир нече иликтөөлөргө ар башка тармактардын адистери да катышкан: физиктер, математиктер жана психологдор. Алар биргеликте адам жанынын өнүгүүсүнүн жана жашоосунун сырын ачууга аракеттенишкен.
Алардын айтымында, клиникалык өлүм келгенде адамдын мээси активдүүлүгүн жоготот, бирок жаны өзүнүн «маалыматтар базасы» менен биргеликте маанилүү маалыматтарды сактап жашоосун улантат.
Анын шарапаты менен адам өлгөндөн кийин да өткөнүн унутпайт, ал жанынын бир жак четинде өзү менен чогуу жүрөт.