Күйөөм кол көтөрбөйт, бирок сөзү менен «жейт»

Мени айылдаштарымдын дээрлик баары жактырышпайт, классташтарым тобунан бөлүп салышты, жакшылык-жамандыкка кошушпайт. Алар менин чындыгымды уккулары келбейт, укса да ишенбейт, а мен аны кантип жеткирүүнүн жолун таппай келем.
Жолдошум экөөбүз классташпыз. 8-класстан тартып сүйлөшүп баштап, мен орто кесиптик окуу жайын, ал жогорку окуу жайын аяктагандан кийин, 22 жашыбызда баш коштук. Катарынан үч балалуу болдук.
Жолдошум жакшы жумушта иштейт, бирок таза, түйшүксүз иш болгону менен айлыгы ошого жараша болчу. Балдар чоңойгон сайын акча жетишпестиги күч ала берди. Анан мен кичүү, бир жарым жаштагы баламды сиңдиме каратып, үй-бүлөбүздүн финансылык акыбалын оң жолго коюуну өз колума алууну чечтим.
Соодага шыгым бар болчу, бала чагымдан апам менен базарга барып, ар кайсы нерсени сатышып жүрүп, жакшы эле тажрыйба топтогом. Эжемден ири суммада карызга акча алып, курбума кошулуп, Кытайга жол тарттым. Ошентип, алгачкы бизнесимди түптөдүм. Андан соң алтынга өттүп, Түркиядан алтын ташып иштедим. Баары жакшы кетти, тез эле карызымды кайтардым, үй алдык, машина алдык, балдарды жеке мектепке, жеке бала бакчага берүү мүмкүнчүлүгүн таптык. Айтор, кубанып, шүгүр келтирип эле жашай берчү жерде элек. Бирок…
Жолдошума менин тез эле көтөрүлүп кеткеним жаккан жок. Ал маданияттуу, ичпеген, чекпеген, түз жүргөн адам, кол көтөрбөйт, физикалык зомбулукка барбайт. Бирок сөзү менен «жейт». Ар бир жолу жаңы ишти баштаар алдымда «ушул да ишпи?», «эртең эле жыдыйсың», «акчаңды турмак, башыңды да таппай калба», «ушу сага ишенип ким товарыңды алып жатат деги» ж.б. айтор, толтура «дем» берчү сөздөрүн айтып, «канатымды күүлөп» койчу. А ишим жүрүшкөндөн тартып башка сөзгө өттү, күн сайын эртең менен жана кечинде куру дегенде төрт — беш жолу «ар бир нерсенин чеги бар, бир күнү талп этип кулайсың го», — дегендей сөздөрдү айтат. Тапканым үй-бүлөмө, сага, экөөбүздүн балдарга деп айткам, ошондон кийин үйдөн тамактанууну токтотту. Тамакка чакырсам, «кызыл кулактык кылып тапкан акчаңа алган тамагың өзүңө буйрусун», — деп коет. Ал өзүнүн айлыгын өзүнчө кармайт, үйгө бир нан көтөрүп келмек турсун, балдарына бир байпак алып берүүнү унутканына көп болду. А бирок эл алдында андан өткөн жакшы киши жок. Той-аштарга барганда же үйгө конок келгенде бапырап, күлүп-жайнап, мага жана балдарына мээримдүү болуп чыга келет. Мен башында бул кылганын жактырып, ичтеги маселебизди башкалар билбесин, бактылуу үй-бүлө деп ойлой беришсин дечү экенмин. Чекилик кылганымды эми гана билип отурам.
Ажырашканыбызга эки жыл болду. Мен сөздөрүн көтөрө албай койдум. «Пирожки саткан аялдын кызы кызыл кулак эле болмок. Менин ата-бабамда соода кылгандар болгон эмес, биз интеллигент үй-бүлөбүз», — дегени баарына чекит койду. Сөз үчүн да ажырашса болот экен.
А азыр айылга барсам баары мени төбөсү менен карашат. Классташтарым аны кубаттап, мени четтетишти. Баары «акча кармап көөп, жакшынакай күйөөсүн чанды» дешет экен. Өгүнү бир айылдашыма жолугуп калсам, «акылдуу аял акча тапса да күйөөсүн сыйлайт, акылсыз аял акча тапса күйөөсүн киши ордуна көрбөй калат», — дейт ачык эле.
Айтор, эрден да чыктым, элден да чыктым… Эмне кылаарымды, кантип актанаарымды билбей калдым. Мени эч ким уккусу жок. Баары эле мурдагы жолдошумду актап, жактап жатышат…
Замира, Бишкек