Жеке коопсуздук эрежелерин сактаңыз: 30-октябрга гороскоп

30-октябрь – активдүү аракеттерге эмес, дене бойду, акыл эсти бош таштап, тынч жашоого жагымдуу күн. Сизде эгер эле жулунуп-жүткүнгөндү таштасаңыз, баары жакшы болот. Бүгүнкү күндүн урааны – тынчтануу, бир гана тынчтануу.
Кой. Бүгүн жамааттык аракеттерге ийгилик жылмаят. Жалгыз кандайдыр бир жетишкендикке жетишиңиз күмөн.
Букачар. Чоң ийгиликтерден үмүт кылуунун бүгүн кереги жок. Бирок жөнөкөй күнүмдүк иштерден эң сонун жыйынтык жарата аласыз.
Эгиздер. Сиз дагы чыгармачыл адам экениңизди баарына далилдеңиз. Кандай маселе болбосун оригиналдуу мамиле жасаңыз, ошондо баары жакшы болот.
Бөйөн. Жумушта бардык ишти жасап коем деген ойдон качыңыз. Анткен менен үйдөгү маселелерди чечүүдө жолуңуз болот.
Арстан. Бүгүнкү күндү интеллектуалдык ишмердүүлүккө арнаңыз. Эгер сиз илим изилдөө менен алектенсеңиз, анда бул күн сиз үчүн ийгиликтүү болот.
Бийкеч. Бүгүн материалдык маселелерди чечүүгө ылайыктуу күн. Сизге сыйлык берилиши мүмкүн, а балким буга чейин топтогон акчаңызды коротосуз.
Тараза. Өзүңүз тууралуу билдирүүгө боло турган күн. Активдүү болуңуз, ошондо досторуңуз сизге тартылышат. Лидерлик сапатыңыз татыктуу бааланат.
Чаян. Бүгүн чоң долбоорлорду колго албай туруңуз. Андан көрө жөнөкөй иштер менен алектениңиз – ошондо гана жыйынтыкка жетишесиз.
Жаачы. Бүгүнкү күн сизге ийгилик алып келет. Башкысы бир гана жеке күчүңүзгө таянбаңыз. Санаалаштарыңыз сизге сөзсүз жардамга келишет.
Текечер. Сиз ийгиликке умтулууңуз менен белгилүүсүз. Бүгүн ага жетүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар. Баары колуңуздан келет, андан шектенбеңиз.
Суу пери. Эгер а сиз жаңы билим алууну кааласаңыз, бүгүн жолуңуз болот. Ар кандай маалымат абдан пайдалуу болуп берет.
Балык. Бүгүн үйдө, жумушта же көчөдө травма алуу коркунучу бар. Андай болбошу үчүн жеке коопсуздук эрежелерин сактаңыз.



