Дүйнө
Санкт-Петербургда кыргызстандык кыз баккан бөбөк чарчап калган окуя боюнча ТИМ үн катты
«Орусияда кыргызстандык кыз карап жаткан ымыркай чарчап калды» деген маалымат боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.
«Кыргызстандын жараны өзүнүн таанышы болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын 4 айлык баласын карап жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, чарчап калган ымыркайда дем алуу жолдоруна байланышкан патологиясы болгон, бирок бул факты энеси тарабынан жашырылып келген. Учурда Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган маселе Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө»,- дешти.